08:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абадда аял бир жашар кызын сабап, муунтуп кайра өзү видеого тарткан

Жалал-Абад шаарында аял бир жашар кызын мыкаачылык менен сабаган. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

9-июнда аял мурунку күйөөсү менен телефон аркылуу урушуп кеткендиги аныкталды. Ал учурда бир жашар кыз ыйлаган жана апасы аны сабап, муунтуп баштаган.

«Аял баласын багууга атасы акча салбайт деди. Ал кызын сабап жатканын видеого тарткан, анда кызын муунтуп өлтүрө баштаганы да маалым. Андан кийин ал тарткан видео-сүрөттөрүн күйөөсүнө WhatsAp аркылуу жөнөткөн. Факт боюнча сотко чейинки териштирүү «Кыйноолор» беренеси боюнча жүргүзүлөт», — деп билдирди ИИБдин басма сөз кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар