Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында — 1, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 1 медицина кызматкеринен вирус аныкталды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 409 учур катталды, алардын ичинен 294 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.