06:42
USD 84.52
EUR 100.51
RUB 1.15

Сапар Исаков соттон Мира Карыбаеваны актоону суранды

Бишкекте Биринчи май райондук сот Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо, оңдоп-түзөө боюнча катталган кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Сот Марат Сыдыковдун төрагалыгынын алдында өтүп жатат.

Адвокат Нурбек Токтакунов белгилегендей, ал мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун күнөөсүн тастыктаган бардык документтерди карап чыккан, бирок алардан анын күнөөсүн көрсөткөн далил таба алган эмес.

«Урматтуу сот, Сапар Исаков кылмыштуу топтун курамында жок болгондуктан жактоочу тарап актоо чечимин чыгарууңузду суранат», — деди Нурбек Токтокунов. 

Ал мурдагы премьер-министрдин Мира Карыбаевага билдирген ыраазычылыгын айтты.

«Мира Аскеровна, сиз бул окуяга кабылып калганыңызга абдан өкүнөм. Бирок сиз чыккынчылык кылган эмессиз. Мейли мени соттогула, бирок Мира Карыбаеваны актоону суранам», — дейт Сапар Исаков.

Буга чейин мурдагы премьер-министр тарапташтардын жарыш сөзүнө катышуудан баш тарткан.

Эске салсак, 2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн.

Мамлекеттик айыптоо Сапар Исаковго «Коррупция» беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен бирге 20 жыл эркинен ажыратууну, ошондой эле мамлекетке 247 миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги үчүн айып төлөөнү суранууда. Ошондой эле Мира Карыбаеваны «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сомго айыпка жыгууну талап кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар