Бишкекетеги № 12 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактылүл Исмаилова 24.kg агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, мындан эки жума мурун анализ тапшырылган.
«Ал бейтаптар менен байланышта болгон. Баардык кесиптештеринен анализ алынган, натыйжада баары таза чыккан», — дейт ал.
Эске сала кетсек, № 3 ҮМБнын тогуз кызматкеринен коронавирус аныкталган. ҮДТ борборунун башчысы Жүзүм Көкүмбаева көз жумган. № 17 ҮМБда сегиз дарыгер ооруган.

