2020-жылдын 5-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.
Жугузгандардын көпчүлүгү (14) Бишкек шаарында жашайт. Чүй облусунда -7, Нарын облусунда -6, Ысык-Көл облусу – 3, Ош шаарында – 1, Ош облусугнда- 5, Баткен облусунда - 1.
Республика боюнча СOVID-19 менен ооругандардын саны - 1 миң 936 адам.
Акыркы суткада 48 адам ооруканадан чыгарылды.