23:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Бишкекте вирус жуктуруп алуу коркунучу сакталууда

Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде билдирди.

Анын маалыматында, 4-июнга карата Бишкек шаарында лабораториялык изилдөө менен коронавирус 499 адамда тастыкталды. Алардын 77си четтен келген жана 422си байланышта болгон жарандардан аныкталган.

«Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат. Ага карабастан, айыгып ооруканадан чыгарылган бейтаптардын саны да жогору болуп — 300 адамга жетти», — деп билдирди вице-мэри.

Мэрия беткап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык ченемдерди аткарууга чакырат. Бардык уюмдардын, дүкөндөрдүн жана кафелердин жетекчилери кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилик алаарын баса белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар