15:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан 15-июндан тарта эл аралык авиакаттамдарды кабыл алып баштайт

Эл аралык авиабилдирүүлөрдү 15-июндан тарта жандантуу пландалууда. Бул тууралуу брифингде жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда эл аралык каттамдардын жүгүртмөсү жана учуулардын жыштыгы иштелүүдө. Алдын ала алгоритмге ылайык, жумасына 17-16 каттам, күнүнө 2-3 каттам уюштуруу пландалууда.

«Учурда иш-аракеттер алгоритми макулдашылып жатат. Мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир авиакомпания өзүнүн даталарын сунуштоодо — качан жана канча жолу каттамдарды ишке ашырат», — деди ал.

Өлкө ичиндеги авиакаттамдар 5-июндан баштап учат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума