«Вентус» укук коргоо уюмунун башчысы Камил Рузиевдин дарегине алдамчылык иштери боюнча бир нече арыз келип түштү. Бул тууралуу УКМКнын Ысык-Көл облустук бөлүмүнөн билдиришти.
Алардын айтымында, Камил Рузиевдин жактоочулук лицензиясы жок.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал кылмыш ишинин материалдарын "укук коргоо жана сот органдарына алып барам", - деп алдамчылык жол жарандардан акча алган. Аны менен катар ал милдеттенмелерин аткарган эмес.
"Р.Ф. аттуу жаран адвокаттык кызмат көрсөтүүнү убада кылган Камил Рузиевге карата чара көрүүнү суранып, анын ордуна мончо куруп берүүсүн талап кылды. Ал баня куруу иштерине 100 миң сомдон ашык акча сапртаган. Дагы бир Ш.З. аттуу жарандан дал ушундай таризде арыз келип түштү. Анын айтымында, Камил Рузиев анын жумуш ордун сактап калууну убадалап, ал үчүн 45 миң сом өлчөмүндөгү акча алган. Кийин анын жактоочулук боюнча лицензиясы жок болгондуктан соттук отурумдарына катышкан эмес. Ал эми К.М. аттуу жаран баласынын кызыкчылыгын коргоо үчүн 14 миң сом берген. Ал бул иш үчүн 35 миң сом талап кылган. Баардык фактылар"Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктар реестрине катталды«, — дейт УКМКнын кызматкери.
Коопсуздук кызматкеринин айтымында, ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда Камил Рузиев жасалма медициналык тактама колдонуп, Каракол шаардык сотунун чечимдерине даттануунун жол-жоболук мөөнөттөрүн калыбына келтирүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.
«Камил Рузиев, жүйөөсүз себептерден улам, Каракол шаардык сотунун чечимдерине даттануунун процесстик мөөнөттөрүн өткөрүп жиберип, облусттук сотко үй-бүлөлүк медицина борборунан жасалма медициналык күбөлүк тапшырган. Документте 2020-жылдын 24-январынан 18-февралына чейин амбулатордук дароолоодо жаткандыгы көрсөтүлгөн. 11-мартта Ысык-Көл облусунун прокуратурасында Кылмыш-жаза кодексинин «Документ жасоо» беренеси боюнча катталган», — деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 29-майда УКМКнын кызматкерлери Камил Рузиевди Караколдон кармап кетишкен, бир күндөн кийин сот аны үй камагына чыгарган.
Жарандык активисттер укук коргоочунун кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна нааразы. Ал юрист катары милиция тарабынан кыйноого алынгандарга жардам берип келген. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат берет. Ал эми жарандык активисттер бул кылмыш ишин укук коргоочудан өч алуу деп эсептешүүдө.