10:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Нарын шаарынын мэриясы штаттык режимде иштөөдө

Нарын шаарынын мэриясы штаттык режимде иштөөдө. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал шаардын биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирустан айыгып, үйүнө чыкканын маалымдады.

«Ал ооруканадан чыккан. Азыр үйүндө. Дагы бир аз дарыланып алып, андан соң жумушуна чыгат. Ал эми Нарын шаардык мэриясы штаттык режимде иштеп жатат», — деди ал.

Давид Курмановдон вирус табылгандан кийин Нарын шаардык мэриясы убактылуу жабылып, кызматкерлер үйдөн иштөөгө жөнөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар