12:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Дагы 12 медицина кызматкеринен вирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 12 кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында — 4, Ош шаарында — 1, Нарын облусунда — 6, Ош облусунда — 1 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган.

Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлеринин саны 362ге жетти. Алардын 252си дарыланып чыкты. 

Өкмөт вирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, набыт болгондорго - 1 миллион сом төлөп берет.

Бишкек шаарындагы №3 бейтапкананын даарыгери Жүзүм Кокумбаева вирус жуктуруп, көз жумду. 

Эң көп окулган жаңылыктар