Бир сутка ичинде өлкө аймагындагы ооруканалардан 11 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басарыНурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Жалпысынан өлкөдө 1 миң 181 адам вирустан айыкты.
Өлкө аймагында дагы 69 адамдан коронавирус жуктурду. Бишкекте 21, Чүйдө −16, Нарында −14, Ошто-10 адамдан оору аныкталды.
Жалпысынан жуктургандардын саны 1817.