Дүйнөдөгү COVID-19 вирусу менен күрөшкө Кыргызстан дагы тартылып, өлкөдө анын жайылышын токтотуу аракети көрүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарларында, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым райондорунда өзгөчө абал тартиби киргизилди.
Буга байланыштуу шаардагы ишканалар ишин убактылуу токтотуп, айрымдары үйдөн иштөөгө, же иш күнүн кыскартууга өтүштү.
Кырдаалга байланыштуу 24.kg агенттиги кыргыз версиясынын ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Азыркы учурда ар бир жарандын саламаттыгы биринчи орунда. Өлкөдө абал турукташып, COVID-19 вирусу менен күрөш соңуна чыкканда биз сиздер менен кайрадан жолугушабыз.
Урматуу биздин окурмандар, сиздерди карантиндин эрежелерин так сактоого чакырабыз. Ден-соолугуңуздар чың болуп, оору-сыркоодон алыс болуңуздар!