10:32
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Өлкө жетекчилери Апрель окуяларында курман болгон баатырларды эскеришти

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Апрель окуяларында курман болгон баатырларды эскерди.

Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду. Куран окутулду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстелик монументине гүл койду. 

Эң көп окулган жаңылыктар