10:41
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кыргызстандын өкмөтү бизнести салыктан толук бошото албайт

Кыргызстандын өкмөтү башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошотуп же кайтарымсыз негизде насыя бере албайт. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал өлкө бюджетинде ишкерлерди толук салыктан бошотуу мүмкүнчүлүгү жок экенин белгиледи.

«Биздин бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учур кырдаалды так түшүнүү керек. Анткени биз республикалык бюджеттен каржыланган жарандарыбыз алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз зарыл — бул пенсияларды, жөлөк пулдарды жана айлык акыларын төлөө», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү