21:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Вирус жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнүп берилет

Вирус жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөп берүү маселеси каралып жатат.

«Компенсациянын суммасын комиссия аныктайт. Ооруп калган кызматкерлерге бир жолку компенсация төлөнүп берилет. Ал эми өлүм учуру катталса, анда башка сумма каралат», — деди министр.

Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19 дарыгерл вирус жуктуруп алды.

Эң көп окулган жаңылыктар