Лабораторияларда тоңдурулган анализдерди covid- 19 га текшерүү башталды. Бул тууралуу саламатыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, Россия жана Беларусиядан Кыргызстанга тест-системалар келди.
«Бүгүнкү күндө биз 23,5 миң анализ жүргүзө алабыз. Лабораториялар тоңдурулган биоматериалдардын анализдерин өткөрүү үчүн үч кезметте иштөөгө өтөт», — деди министр.
Белгилей кетсек, буга чейин реагенттердин жоктугунан 8 миңдей анализдер тоңдурулуп, толук текшерилбей турганы айтылган. Алар анализдердин көпчүлүгү 17-мартта вирус аныкталган жарандар менен контактта болгондор.