Иш сапардан, тобокелчилик очокторунан келген жана чек араны кесип өткөн аткаминерлерге гана экспресс-тест жасалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.
Анын айтымында, президенттин, өкмөттүн, мэриянын аппараттарынын кызматкерлери жапырт коронавируска анализ тапшырган жок.
«Учурда мамлекеттик кызматкерлердин 20-30 пайызы гана иштеп жатат. Калгандары аралыктан иштөөдө. Экспресс-тесттер тобокелчилик очокторунан, командировкадан келген, чек араларды кесип өткөн адамдарга гана жасалды — биз аларды текшерүүгө милдеттүүбүз. Эгерде экспресс-тесттер тастыкталса, андан кийин ПЧР диагностика жасалат», — дейт министр.
Анын маалыматында, Кыргызстанда жалпы 76 миң экспресс-тест бар болчу, алардын ичинен 30 миӊи пайдаланылды