13:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап айыкты

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап айыкты. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.

«Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн. Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды», — дейт штаб.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби