Кыргызстанда вирус жуктургандарын саны 144гө жетти. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды.
Бишкек — 1, Ош облусунда — 5, Ош шаарында — 2, Джалал-Абад облусунда — 6.
Белгилей кетсек, эң көп учур Жалал-Абад облусунда катталууда. Бул аймакта жуктургандардын саны — 67ге жетти.
Учурда вирус жуктургандардын алтоо кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда. Ошто 45 жаштагы эркек, 63 жаштагы аял жжана 60 жаштагы, Жалал-Абадда 33 жаштагы, Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда.