Кыргызстанда 9 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
COVID-19 вирусун жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкекте жана дагы бирөө Ош облусунда иштейт.
Дарыгерлердин абалы боюнча так маалымат жок.
Буга чейин Кыргызстанда вирус жуктуруп алган дарыгерлер боюнча маалымдалган эмес.