00:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Баткенде коронавирус жуктурган аял сакайды

Коронавирус жуктуруп алган Баткен облусунун тургуну сакайып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Баткен облустук ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аялдан алынган ПЦР анализи (үзгүлтүксүз полимердик реакция) анда коронавирус жок экенин көрсөткөн. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 илдетинен беш адам сакайып чыкканы кабарланган.

4-апрелде коронавирус Кыргызстанда 130 кишиге жукканы маалым болду.

Эң көп окулган жаңылыктар