Вирусту жаңы жуктургандардын алтоо Бишкектин тургуну. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 14 жаңы учурдун бешөө Жалал-Абад облусунан, экөө Жалал-Абад шаарынан, бирөө Чүй облусунан жана алтоо Бишкек шаарынан аныкталды.
Белгилей кетсек, бүгүн 14 адамдан вирус табылды.
Республика боюнча 1 миң 900 адам обсервацияда.
Бишкек шаарында — 403, Чүй облусунда — 173, Ош шаарында — 56, Ош облусунда — 263, Жалал-Абад облусунда — 189, Баткен облусунда — 584, Нарын облусунда — 108, Талас облусунда — 24 жана
Ысык-Көл облусунда — 100 адам жатат.