Москвада коронавирусу аныкталган үч бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу россиялык ЖМК кабарлайт.
Аларда эки тараптуу пневмония илдети өрчүп кеткен. Бейтаптардын жаш-курагы — 63 жаштан 72 жашка чейин.
Анын үстүнө үчөөндө теӊ жүрөк-кан тамыр дарттары сыяктуу башка оорулары да болгон. Бейтаптардын бири жакында чет өлкөдөн кайтып келген.