17:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Коронавирус жаңы аныкталгандардын бирөө Россиядан келген

Бүгүн коронавирус жуктурган жаңы төрт учур катталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын бирөө Россиядан келген жараан, үчөө оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан.

Вирусу такталган бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 6 миң 28ге жетти.

Өлкөдө 1,5 миң адам обсервацияда жатат.

«Бир бейтап жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок, жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орто-оор», — дейт штаб.

Эң көп окулган жаңылыктар