11:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Коронавируска каршы күрөшкө топтолгон акчаны бөлүштүрүүчү комиссия түзүлдү

Коронавируска каршы күрөшкө топтолгон акчаны бөлүштүрүүчү комиссиянын курамы белгилүү болду.

Комиссиянын төрагасы болуп өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев дайындалды. Ага орун басар катары өзгөчө кырдаал министри Замирбек Аскаров жана эмгек жана социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров бекитилди.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Сайдулла Нышанов, депутат Бактыбек Турусбеков мүчө болушту.

Жарандык коомдон «Балдар укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова жана «Социалдык кызматтарды өнүктүрүү» фондунан Бурулсун Сүйүналиева кошулду.

Финансы министрлигинин маалыматында, эсепке 55 миллион 757 миң сом которулду.

Белгилей кетсек, атайын эсепке Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев — 1 миллион сом, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана «ЦУМ Айчүрөк» — 1,5 миллион сом, парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов 10 миң сом, «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов — 3 миллион сом, «Дордой» — 1 миллион сом, тишкер Нурлан Ибраев — 1миллион сом, Самсаалы Четимбаев — 10 миң сом, «Неман фарм» — 900 миң сом, «Лекарь» — 300 миң сом, Эл аралык ишкерлер кеңеши — 21 миң 258 сом, президент Сооронбай Жээнбеков — 53 миң сом, муфтият 700 миң сом, «Нурзаман» курулуш компаниясы — 1 миллион сом, Конституциялык палатанын судьялары — 28 миң 700 сом жана башкалар которушту. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума