18:01
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Президент бей-бечараларга жардам берген ишкерлерге ракмат айтты

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, калктык аярлуу катмарын колгоо алуу — маанилүү иш-чаралардан бири. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.

«Бизнеске доо кетип жатат. Күнүмдүк жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүн баккан абдан көп мекендештерибиз бар. Аярлуу катмардагы жарандарыбыз бар. Алар колдоого муктаж. Мунун баарын көрүп, түшүнүп турам. Жер-жерлерде колунда барлар, ишкерлер айылдаштарын колдоп жатат, аларга рахмат», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков жана өкмөттөн да бул багытта ыкчам аракеттер талап кылынарын кошумчалады.

«Антикризистик план иштеп чыгышты. Анын негизги багыттарынын бири — ушул калктын аярлуу катмарына, жумушсуз калгандарга, тамак ашка муктаж болгондорго даректүү жардам көрсөтүү», — деп белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар