31-мартка карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министлиги маалымдады.
Бардыгы болуп өлкө боюнча 107 адам коронавирус инфекциясын жуктурду.
Бишкек шаарында — 1, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 2, Чүй облусу — 1, Ош облусу — 5, Жалал-Абад облусу — 1.
Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.
Белгилей кетсек, кечээ Сузакта алгач болуп вирус аныкталгандар айыгып үйлөрүнө чыгарылды.