23:39
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Facebook колдонуучу «Аруузат Токо» аймактык бөлүп-жаруу шеги менен кармалды

«Аруузат Токо» аттуу Facebook колдонуучусу аймактык кастыкты козутуу шеги менен кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматка караганда, «Аруузат Токо» аты менен Facebook тармагындагы баракчасы аркылуу аймактар аралык жаңжалды козутуучу материалдарды жайгаштырып келген аял Бишкек шаарынын тургуну Т.Ч. экени аныкталды.

Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталды.

Учурда филолого-лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар