11:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстандыктарды ашата сөккөн Даниэль Ажиев эки айга камалды

Кыргызстандыктарды ашата сөккөн Даниэль Ажиев эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим чыгарды.

Ага расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу айыбы тагылууда. Шектүү Бишкектеги № 1 тергөө абагына камакка алынды.

Даниэль Ажиев алгач коронавирус менен күрөшүү үчүн 7 миллион сом бөлөрүн айткан. Канча акча жумшаганы белгисиз, бирок, бир нече үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосу жарыяланган.

Көпчүлүк Ажиев вебкам-моделдердин студиясынын ээси экенин айткандан кийин ал инстаграм баракчасы аркылуу кыргызстандыктардын баарын ашата сөгүп, порно индустрияда тармагында иштеп акча тапканын мойнуна алды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума