20:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ош, Жалал-Абадга ыктыярчы дарыгерлердин экинчи тобу жөнөп кетти

Ош, жана Жалал-Абад облустарына ыктыярчы дарыгерлердин экинчи тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алар аталган облустардагы эпидемияга каршы жана дарылоо иш-чараларына катышат.

«Жогорку квалификациядагы медицина кызматкерлери бир айга жөнөп кетишти. Алар облустук клиникалык ооруканаларга жардам берет» деп айтылат министрликтин маалыматында.

Дарыгерлер бригадасы жеке коргонуу жана тамактануу үчүн зарыл каражаттар менен толук камсыз болду. Аларга кошумча айлык төлөнүп берилет.

25-мартта Жалал-Абад облусуна Бишкектен сегиз доктурдан турган бригада барган.

Эң көп окулган жаңылыктар