Мусулмандар дин башкармалыгы коронавирустан каза болгондорду акыркы сапарга узатуу боюнча жол-жобону жарыялады.
Муфтият санитардык врачтар тарабынан айтылган бардык жол-жоболорду көңүлгө алуу керектигин белгилейт. Ошондой эле карантиндин талаптарына ылайык медициналык нускамаларды, дезинфекциялоо процедураларын, жеке гигиенаны сактоо, маска жана кол каптарды колдонуу зарыл. КМДБ каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын аз киши чогултуу менен жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүүнү сунуштайт.
— Оорунун жугуштуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек, тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда (дарыгерлер айткандай) белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот.
— Муфтият сөөктү жууда белгилүү аралыктан суу куюп, же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болорун белгилейт.
Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.
— Маркумду жуу эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде атайын сактоочу костюмдарды кийип, таяммум кылдырууга болот.
— Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын (өлүк салуучу) сумка же табыт менен көмүүгө да болот.