16:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда дагы 26 адам коронавирус жуктурду. Бишкекте дагы төртөө аныкталды

Кыргызстанда дагы 26 адам коронавирус жуктурду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Жаңы жуктургандардын экөө Чүй, Бишкек-4, Нарын-1, Ош-6, Жалал-Абад −13.

Вирусту жуктургандардын саны Кыргызстанда 84гө жетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды.

 
Эң көп окулган жаңылыктар