10:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чет өлкөдө жүргөн беш кыргызстандык коронавирус жуктуруп алды

Чет өлкөдө жүргөн беш кыргызстандык коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бириккен Араб Эмиратында бир кыргызстандыкдан, Пакистанда үчөөдөн вирус аныкталды.

«Дагы бир кыргыз жараны Испанияда үй карантининде. Анын оорусу жеңил өтүп жатат», — дейт Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, бүгүн вирус жуктуруп алгаандардын саны 58ге жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар