Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны дагы 14кө көбөйдү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Алардын жетөө Жалал-Абадда, жетөө - Ош облусунда.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.
Учурда Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталгандардын саны 27, Ош облусунда – 26, Бишкек шаарында – 4. Баткен облусунда – 1.