Менчик клиникалардан коронавирусту аныктоочу тесттен өтүүгө болбойт. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, тест чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондорго гана колдонууда.
«Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тестти жеке менчик клиникалардан акча төлөп өтүүгө азыр болбойт. Учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат. Эгерде сиз оорулуу адам менен байланышкан болсоӊуз, ыкчам байланыш линиясына кайрылуу керек», — дейт Айнура Акматова.