16:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Эки медайым вирус жуктуруп алгандыгы боюнча маалымат калп

Эки медайым вирус жуктуруп алгандыгы боюнча маалымат калп. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штаб маалымдайт.

Алардын айтымында, азырынча медициналык кызматкерлер арасында ковонавируска чалдыккандар жок. 

Белгилей кетсек, 25-мартта карата Кыргызстанда 44 адам аталган вирусту жуктуруп алган. Алардын алтоо Сауд Арабияга умрага барып келгенден кийин ооруп калышкан. Андан тышкары, Франциядан, Дубайдан келген кыргызстандыктардан вирус табылды.

Ош облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 19, Бишкек шаарында — 3, Чүй облусунда — 1, Баткен облусунда — 1.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума