03:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Алматыда карантин режимин бузган 39 адам камакка алынды

Алматыда карантин режимин бузгандыгы үчүн 39 адам камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар шаардык прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме кылып билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан «Карантин аймагынын чек арасынан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча 73 факты катталып, 11 ишкердик субъект жоопкерчиликке тартылган.

«Карантин режимин бузгандыгы үчүн 84 адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардын ичинен 39 киши камакка алынды. Алсак, 23-мартта карантиндик аймактын чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн Алматы шаардык райондор аралык сотту чечими менен жергиликтүү тургун эки суткага камакка алынды», — деп билдирди прокуратура.

Мындан тышкары ишкерлик менен алектенүүгө уруксат берген документтери жок медициналык беткаптарды жогорулатылган баада сатуу боюнча тогуз факты катталган.

«Алардан 4 миллиондон ашык беткап алынып, Алматы шаардык коомдук саламаттык сактоо башкармалыгына өткөрүлүп берилди», — деп жазылган билдирүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 79га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума