23:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстанда Кыргызстандан барган адамдан вирус табылды

Жамбыл облусунун 29 жаштагы тургунунан коронавирус табылды. Бул тууралуу Lenta.kz маалымдайт.

Алардын маалыматында, ал 23-мартта Кыргызстандан барган. 24-март күнү карантинге алынды.

Анализи илдетти ырастап, учурда байланышта болгон адамдар такталууда. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды.

Учурда Жалал-Абад облусунда — 19, Ошто — 20, Баткенде −1, Бишкекте-2 адам вирус жуктуруп алгандыгы ырасталды. Калган облустарда каттала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар