16:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Нарын, Араванда коронавирус боюнча жалган маалымат таркаткандар кармалды

Нарын менен Араванда коронавирус боюнча жалган маалымат таркаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Нарын областынын Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Турарбек Ибраев жалган маалыматка ишенип, аны тараткандыгын мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.

Ушундай эле өңүттөгү маалыматты Араван районунун Тепе-Коргон айылынында туулган Шабдан Боромбаев дагы жайылткан.

«Кармалган адам соцтармактар аркылуу коронавирусту бийликтегилер атайын ойлоп тапкан жана ага каршы вакцина бар экен, аны сайдырбагыла деп такталбаган маалымат берген», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби