19:22
USD 80.20
EUR 88.31
RUB 1.03

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жаңы учуру катталган жок

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу бүгүнкү өкмөттү брифингде айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды.

Учурда Жалал-Абад облусунда — 19, Ошто — 20, Баткенде −1, Бишкекте-2 адам вирус жуктуруп алгандыгы ырасталды. Калган облустарда каттала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар