21:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат

Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир райондору менен шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынды. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады.

Маалымат боюнча, өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат. Ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.

25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.

Өзгөчө абал 25-мартта саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

24-мартта коронавирус дагы 26 кишиден табылып, бул илдетке чалдыккандардын саны 42ге жетти. 26 бейтаптын тогузу Сузак районунда, экөө Ала-Букада, бирөө Ош шаарында, сегизи Кара-Сууда жана алтоо Ноокатта. Алардын ичинен 14ү Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен, калгандары алар менен байланышта болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар