13:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Аткаминерлер менен дарыгерлердин учурдагы абалы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кечээ Кыгызстанга чет жактан алынып келинген жарандарды көзөмөлдөө үчүн ачылган Бишкектеги № 1 мектеп-интернатында барып жеринен таанышып кайтты.

Замирбек Аскаровдун тараган сүрөтүнөн улам социалдык тармактарда колдонуучулар, «атка минерлер бутунан башына чейин, жада калса дем алуучу бет кап кийип, коронавируска каршы атайын костюм менен жүрөт дагы, өмүрүн тобокелге салып, күчөтүлгөн абалда коронавирус менен бетме-бет күрөшүп жаткан дарыгерлерге мындай мүмкүнчүлүк каралган эмес», — деп нааразы болушууда.

«Өкмөт башчыларга атайын костюмдун, бут кийимдердин эмне кереги бар эле? Алар баары бир кабинетте отурушат. Дарыгерлердей иш алып барышса бир жөн», — дейт интернет колдонуучу.

Белгилей кетсек, министрлер өлкөнү коронавируска каршы атайын каражаттар менен камсызоо үчүн эл-аралык жардам суроого мажбур экендикерин маалымдашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума