21:04
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Коронавирус тууралуу баардык маалыматты covid.kg сайтынан окуй аласыз

Республикалык штабды колдоо ирээтинде, Кыргызстандагы байланыш жана мамлекеттик маалыматтык технология комитетинин IT-специалисттери COVID-2019 вирусунун өлкөдөгү абалы тууралуу маалымат берүү үчүн hidoctor.kg, covid.kg сайтын түзүп чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандагы мамлекеттик байланыш комитетинин пресс-кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорудагы сайт аркылуу Кыргызстандагы COVID-2019 вирусунун учурдагы абалы тууралуу, актуалдуу жана такталган маалыматтар менен кабардар болосуз. Ошондой эле, мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган чектөөлөр жана чаралар менен таанышып, ар бир жаран биринчи жардам катары өзүнүн диагнозун аныктоо жөнүндө маалымат ала алат.

Сайтта баардык зарыл болгон сурап-билүү ыкчам номурлары жайгашкан.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 16га жетти. Учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар