Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, алты ай товарлардын төмөнкү түрлөрүн өлкөдөн экспорттоого болбойт:
— буудай;
-буудай уну;
-өсүмдүк майы;
-күрүч;
-макарондун түрлөрү:
— шекер;
— тоок жумурткасы:
— тамак-аш үчүн йоддолгон туз;
— тоют (чөп, саман, улпак жана дан тоюту);
— кагаз кол аарчылар жана башка бактерияга каршы, дезинфекциялоочу каражаттар.
Бажы кызматы, Чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү керек болот.