21:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Муфтият коронавируска каршы күрөш эсебине 700 миң сом которду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам катары 700 миң сом которду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, акча каражаты айлыктын эсебинен алынган.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбаев 1 миллион сом багыттады. 

Facebook
Фото Facebook. Нурбек Алимбаев 1 миллион сом которду

Бүгүнкү күндө коронавируска каршы ачылган эсеп бөлүмүнө 5 миллион 294 миң 358 сом түштү. Которулган акчалар азырынча колдонула элек.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков март айындагы айлыгын которгондугу маалым болду.

Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев — 1 миллион сом, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана «ЦУМ Айчүрөк» — 1,5 миллион сом, парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов 10 миң сом, «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов — 3 миллион сом, Самсаалы Четимбаев - 10 миң сом, «Неман фарм» - 900 миң сом, «Лекарь» - 300 миң сом, Эл аралык ишкерлер кеңеши - 21 миң 258 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума