21:21
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тажикстанда кембагалдардын ажыга баруусуна тыюу салынат

Тажикстанда аз камсыз үй-бүлө мүчөлөрүнүн ажылык зыяратка баруусуна тыюу салынышы ыктымал. Дин иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү бул калктын социалдык-экономикалык абалынын начарлоосуна бөгөт болот деп эсептешет.

Тажикстан вице-премьери Азим Иброхимдин катышуусунда өткөн жыйында расмий ММКларга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ажылык сапарга баруу үчүн арыз бергендердин документтерин кароодо алардын экономикалык абалдарына көңүл буруу тапшырмасы берилди.

Дин иштери боюнча комитет өкүлүнүн билдиришинче, бул фактор мурун деле эске алынчу, бирок эми алар экономикалык себептерге байланыштуу арызды четке кагуу боюнча расмий укук алышты.

«Дин иштери боюнча жергиликтүү комиссиялар эми ар бир арыз берүүчүгө көңүл буруп, ажыга баруу мүмкүнчүлүгү барбы-жокпу иликтеп чыгат. Мурдагы жылдарда ажылык сапар үчүн карызга баткандар болгон. Эсимде, бир аял уулун жаңы эле жерге берип, келини жана үч небереси жашаган батирин сатып ажыга баргысы келген», — деди комитеттин кызматкери.

Буга чейин бийлик 40 жашка чыга электердин ажылык сапарга баруусуна тыюу салган.

Эң көп окулган жаңылыктар