02:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Пакистанда дааватта жүргөн кыргызстандыктан коронавирус табылды

Пакистанда кыргызстандык жарандан коронавирус табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 22-мартта 1963-жылы туулган кыргыз жараны бул илдетти жуктуруп алганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал башка дагы 4 мекендеши менен Пакистанга дааватка барган. 

ТИМдин маалыматына караганда, жогоруда айтылган жарандар консулдуктун каттоосуна турган эмес, жардам сурап элчиликке кайрылган эмес.

Учурда коронавирусту жуктуруп алган жаран Исламабаддагы госпиталга жаткырылды, аны менен чогуу жүргөн калган төрт кыргызстандык карантинге алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар