10:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Автобустарга жүргүнчүлөр батпай, өкмөткө нааразы болушууда

Бишкекте коомдук транспортту кыскартуудан улам автобуска жүргүнчүлөр батпай, убактылуу тартипке нааразы болушууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.

«Бул № 18 автобустук каттамы. Ал азыр Маевкага бара жатат. Коомдук транспортторду токтотуп коюп мына, эмнеге жеттик. Токтотпогондо мындай адамдардын тыгыны болбойт эле», — деп билдирет окурман.

Эске сала кетсек, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал тартибине ылайык калаадагы кичи автобустук каттамдар токтотулган. Учурда авобустар менен троллейбустар гана иштөөдө.

Бишкек шаарынын мэрисы бул кыйын кырдаалга ар бир кыргызстандыкты түшүнүү менен кароого чакырат. Баардык чаралар ар бир жарандын ден-соолугу үчүн гана көрүлүүдө.

Эгер кандайдыр бир окуяга күбө болсоңуз 24.kg агенттигинин 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp жана Telegram жөнөтсөңүз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар