Акыркы суткада Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабы билдирет.
Маалыматка караганда, вирус менен ооругандардын саны −14. Алардын алтоо-эркек, сегизи аял.
«Бейтаптардын арасында Жалал-Абад облусунун дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор. 1949-жылы туулган эркек жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми калган 12 бейтаптын абалдары канааттандырарлык», — дейт штаб.
Алар менен карым-катнашта болгон 2 мин 628 адам үй карантининде.