01:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Караколдо унду кымбат баада саткан сатуучу жазаланды

Ыссык-Көл облусунда ундун баасын негизсиз көтөрүү боюнча факт катталды. Бул тууралуу кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин пресс-катчысы маалымдады.

Анын айтымына таянсак, 19-март күнү Караколдогу «Келечек» базарында азык-түлүк баасын көзөмөлдөө учурунда, казакстан буудай унунун 1 кап наркы (50 кг) 1 миң 800 сомго көтөрүлгөнү аныкталган. Ал арада ундун баасы орточо эсеп менен 1 миң 500 болуп жаткан.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Финансы полициясы белгилегендей, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин райондордо түзүлгөн бөлүмдөрдүнүн кызматкерлери Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Каракол райондорунда иш-чара өткөрүштү. Анда, азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүп, кырдаалдан пайдаланып жаткан ишкерлерди жоопкерчиликке чакырды.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, азык-түлүктүн баасын кымбаттатып жаткан соодагерлерге күбө болсоңуз, төмөндөгү номурлар жана дарек аркылуу кабарласаңыздар болот.

Бишкек шаары, Манаса проспектиси, 101/1. Ыкчам байланыш номуру— 1955, нөөмөттүк бөлүм— 0312323091, 0312323707;

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин райондордо түзүлгөн, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Каракол райондорундагы кызматкерлери, Абдрахманов көчөсү, 105. Телефон/факс 0392252601;

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин райондордо түзүлгөн Тон, Ысык-Көл, Балыкчы райондорунун кызматкерлери, Балыкчы шаары, Аманбаев көчөсү, 153. Телефон 0394451323.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума